Ак-Суу районунун баш имам  хатиби Асантур ажы Абдрахманов  жаңы салынып жаткан мечиттин курулуш иштери менен таанышты

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун баш имам  хатиби Асантур ажы Абдрахманов Теплоключенко айылында салынып жаткан райондук борбордук мечитинин курулуш иштери менен таанышып, аткарылып жаткан иштерди жеринен кабар алды.

“Теплоключенко айылынын тургундарынын суроо-талабы менен өткөн жылы ушул миң кишилик мечиттин курулуш иши башталган. Бүгүнкү күндө курулуштун  85 пайызы бүтүп, алдыда эл кызматына берилүү алдында турат”,- дейт баш имам хатиб Асантур ажы.

Эскерте кетсек, аталган мечит “Ас-Салам” кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүгу менен салынууда.