Кызыл-Кыя шаарында «Имамдын коомдогу орду» аталышындагы жыйын өткөрүлдү

Кечээ, 9-сентябрда Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Мукадас ажы  Кожониязов имамдарга жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө имамдын коомдогу орду жана жергиликтүү жамаат өзүнүн арасынан эң илимдүү, Куранды жакшы окуй турган, такыба, үлгүлүү мүнөзү, жүрүш-турушу, адеп-ахлагы менен айырмаланган адамды имам шайлашаары ошондой эле жалаң эле намазда эмес, бардык шариат маселелеринде да, жашоодо да ага баш ийип, айткандарын жетекчиликке алуулары керек экендиги айтылды.

«Имам – бул адамдарды туура жолго чакырган, жамандыктан кайтарган, аларга насаат айткан муктаждарга туура кеңеш берген, билбегенин үйрөткөн, кайдигерликтен куткарып, туура жол көрсөткөн, диний кызматкер, элди жетектөөчү болушу керек. Демек, имамадамдардын коомдук жашоого чоң таасир көрсөтүүчү, аларды туура жолго үндөөчү таасирдүү киши. Ошондуктан имам эң жакшы сапаттары менен үлгү болушу керек»,- деди шаардын баш имам хатиби.

Ошондой эле салттуу ханафий мазхабын жайылтуу күн сайын мечиттерде шариат сабактарын уюштуруу зарыл экендигин белгиледи.