Ак-Суу районунун  баш имам хатиби Асантур ажы Абдрахманов мектеп окуучуларын ыймандуулукка чакырды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплокюченка айылындагы М.Мамакеев атындагы мектебинде райондук хатибият менен биргелешкен «Жаштар- эртенки келечегибиз» аталыштагы мектеп окуучулар үчүн жолугушуу уюштурулду.

Жолугушуу учурунда райондук баш имам хатиб Асантур ажы Абдрахманов ыйман, адеп-ахлак, убакытты туура пайдалануу, арактын зыяндуулугу, зына, экстремизм, терроризм, диний терс агымдар, аялдын коомдогу орду, ата-энеге болгон мамиле жана башка маселелер боюнча баяндамасын жасады.

«Балаңды көрсөт, мен сенин келечегиңди айтып берем» деген даанышмандын сөзγн мисал кылып, Асантур ажы балдарыбызга туура тарбия берүү ар бир ата-эненин милдети экендигин баса белгиледи.