Ысык-Көлдөгү “Ислам таануу” аялдар, кыз-келиндерди окутуу борбору 58 жаранга сертификаттарды тапшырды

Ысык-Көл облустук казыятынын алдындагы “Ислам таануу” аялдар, кыз-келиндерди окутуу борборунан 58 жаранга сертификаттарды тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков билдирди.

Анын айтымында, аталган борбор 2018-жылы уюштурулуп, учурда өз ишин активдүү жүргүзүүдө.

“Аялдар, кыз-келиндер арасында экстремисттик идеологияны жайылтуунун алдын-алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү багытында активдүү иш жүргүзүлүп, учурда 2 (эки) айлык программа менен үчүнчү агым аяктап, курсту ийгиликтүү аяктаган 58 эже-карындаштарыбызга сертификаттар тапшырылды”,-деди Алмазбек ажы Сагындыков

Учурда кийинки агым чогултулуп, окутуу улантылууда.