Самаркандек айылында жаңы мечит ачылды

Кечээ,16-сентябрда Баткен районунун Самаркандек айылында жаңы мечит ачылды. Мечит 1000 кишиге ылайыкташып, кувейттик фонддун каржылоосу менен курулду. Имараттын курулуш иштери 3 айда толугу менен бүтүп, мечит заманбап жабдуулар менен жабдылган.

Буга чейинки мечттин эскилиги жеткен жана айыл тургундардын саны көбөйүп, мечитке батпай калгандыктан жаңы мечит салуу мактаждыгы келип чыккан.

Ачылыш салтанатка Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийдин түштүк аймагы боюнча кеңешчиси Махманаби Арзыкулов, Баткен облусунун мусулмандар казысы Пазыл ажы Султанмуратов, Кувейттен келген өкүлдөр жана башка имам хатибдер, диний окуу жайлардын жетекчилери катышты.

Мечитинин ачылышында коноктор элибиз үчүн жакшылыкты үйрөнүп, жамандыктан арылуучу, ынтымакты бекемдөөчү эң негизгиси ибадат үзүлбөгөн мечиттерден болуусуна тилектеш экендиктерин билдиришти.