«Равза» медресесинин студенттери өрт учурунда эмне кылуу керек экенин үйрөнүштү

Чүй облусунун Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан «Равза» медресесинин студенттери, Жаңы-Жер айылындагы «Өрт өчүрүү» бөлүмүнө барышып, өрт чыккан учурда эмне кылуу керек жана эмне кылууга болбойт экенин, атайын адистерден угуп, жеринде таанышып келишти.

Студенттерге ӨКМдин «Өрт өчүрүү» бөлүмүнүн башчысы Майрамбек Бөрүбаев өрт коопсуздугун алдын алууда иш жүзүндө көрсөтүп берди.

«Кырсык – каш кабактын ортосунда дегендей, коопту кырдаалдарда эмне кылуу керек экенин ар бирибиз үйрөнүүгө милдеттүүбүз. Өзгөчө тилсиз жоо өтө коркунучтуу жана анын кесепети абдан оор болот. Мына ошол учурда эмне кылуу керек экенин Жаңы-Жер айылындагы «Өрт өчүрүү» бөлүмүнүн башчысы Майрамбек Бөрүбаев студенттерге өрт коопсуздугу боюнча лекция окуп, андан соң өрттү суу менен кантип өчүрүү, тетиктерди кантип колдонуу керек экендигин иш жүзүндө жүзүндө көрсөтүп берди»,- деди медресе мүдүрү Узген ажы Каландаров.

Белгилей кетсек, ушул сыяктуу иш-чаралар КМДБнын буйругунун негизинде, облус боюнча бардык диний окуу жайларда өткөрүлмөкчү.