«Бишкек кыз Куран курсу» быйылкы жылы 75 кызды кабыл алды

Бишкек шаарындагы «Бишкек кыз Куран курсу» быйылкы жаңы 2018-2019-окуу жылына карата 75 кызды окууга кабыл алды.   Тапшыруу үчүн сынактар жогорку атаандаштыкта өтүп, анын негизинде алдыңкылар тандалып алынды.

Бул окуу жайда негизги өзгөчөлүгү кабыл алынган окуучулардын баары жатакана менен камсыздалат.

Окуу жайдын мүдүрү Курбанбаев Болотбек төмөнкүлөргө токтолду: «Жыл сайын биздин окуу жайда окууну каалагандардын саны арбууда. Ошондуктан сынактарга да жылдагыдан көп окуучулар тапшырышты. Биз да алдыңкыларын тандап алып, ишибизди баштадык. Учурда жалпысынан 125 окуучубуз бар»,-деди ал. 

Эске сала кетсек, «Бишкек кыз Куран курсу» 2016-жылдан бери кыз балдарга Куран окутуу иштерин жүргузүп келет.