Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков студенттерге “Пенденин жашоодогу максаты” деген темада баяндама жасады

Кечээ, 16- сентябрда Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков “Пенденин жашоодогу максаты” деген темада Майлуу-Суу колледжинин студенттерине жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу учурунда Абсатар ажы Эркинбеков жаштарды адептүүлүккө чакырып, Жаратканга кулчулулук кылуу жана ата-энеге урмат көрсөтүү, соопчулук амалдарын көбөйтүүгө туурасында баяндамсын жасады.

Ал эми студенттер баш имам хатибке өздөрүнүн кызыктырган суроолорун берип, жооп алып алышты.

Иш-чаранын соңунда окуу жайдын жетекчиси Ысамайыл Кыдыралиев студенттерге пайдалуу жана таасирдүү болгон насааттары үчүн Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатибине ыраазычылыгын билдирди.