Базар-Коргондогу “Имам-Тирмизий” кыз-келиндер медресесинде жаңы конференция залы ишке берилди

Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунда жайгашкан “Имам-Тирмизий” кыз-келиндер медресесинде демөөрчүлөрдүн колдоосу менен жаңы конференция залы ачылды.

Конференция залында медреселер аралык көчмө жыйындар, окуудан тышкаркы иштерди аткарууда жана Рамазан айында мугалимдер менен окуучулар биргеликте Куран катмылары өтүп турмакчы. Буга чейин мындай зал жок болгондуктан муктаждык жаралып келген.

“Бүгүнкү күндө бул заманбап конференция залынын ачылышы менен бир топ көйгөйлөр чечилди. Биздин медреседе жалпысынан 130 окуучу кыз-келиндер таалим алат, 15 мугалим эжеке иштейт”,-деди медресенин окуу бөлүм башчысы Нармамат Икрамов.