Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Кувейттин Эл аралык кызматташуу жана маалымат департаментинин башкы директору Мухаммад Насер Аль Мутайри менен жолугушту

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жана Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Кувейт мамлекетинин Вакуф жана ислам иштери боюнча министрлигинин эл аралык кызматташуу жана маалымат департаментинин башкы директору Мухаммад Насер Аль Мутайри жана Кувейт Мамлекетинин эл аралык кызматташуу департаментинин директору Халид Иса Аль Омар менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Азирети Муфтий Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы дин чөйрөдөгү кызматташтыгы жакшы нукта бара жатканын белгилеп, тараптар кайрымдуулук фонддорунун ишмердүүлүгү, коомчулуктагы диний сабаттуулукту жакшыртуу, ислам баалуулуктарын жайылтуу жаатында пикир алышты.

Мындан тышкары Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасынын 2018-жылында аткарган иштеринин жыйынтыгы тууралуу маалымат берилип, видеоролик түрүндө көрөтүлдү.

Ал эми Мухаммад Насер Аль Мутайри Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев жылуу кабыл алганын айтып, эки мамлекеттин ортосундагы карым-катнаш, достук алака жана диний тармактагы кызматташтык мындан ары да өнүгө берээрин кошумчалады.