Баткен районундагы «Нур» медресесинин студенттерине өрт коопсуздугу боюнча маалымат берилди

Кечээ, 17-сентябрь күнү Баткен районундагы «Нур» медресесинин студенттерине өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрү иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге  өрт коопсуздугун алдын алуу, өрт чыккан мезгилде өзүн-өзү алып жүрүү эрежелери, туура эвакуациялоонун жолдору үйрөтүлдү.

«Өрттү өчүргөндөн көрө, эскерткен оң  ошондуктан бул багытта студенттерибиздин маалыматуулугун жогоруулатуу үчүн жана  Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасынын  2019-жылдын 10-сентябрдагы,  №229 буйругун аткаруу максатында өткөрүлдү»-деди медресе мүдүрдү Абдурахман каары Гапаров.