Баткендеги бардык диний окуу жайларында мекенди сүйүүгө чакырган темада класстык саат өтүлөт

Баткен облусундагы бардык диний окуу жайларында мекенди сүйүүгө арналган сабактар өтүлөт. Бул боюнча Баткен облусунун мусулмандар  казысы Пазыл ажы Султанмуратов Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасынын тапшырсын медресе мүдүрлөрүнө жүктөдү.

Тапшырмага ылайык, облус аймагындагы медреселерде 21-сентябрь мамлекеттик тил күнүнө карата “Мекенди сүйүү ыймандан” деген темада жана башка мекенди сүйүүгө багытталган класстык сааттар өткөрүлмөкчү.