Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков студенттерге дарыгерлик кызматынын пазилеттери тууралуу баяндамасын жасады

Кечээ, 18- сентябрда Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков “Илим алуунун жана дарыгерлик кызматтын пазилеттери”, “Никеге эрте туруунун зыяны” деген темада Майлуу-Суу медициналык колледжинин студенттерине лекция өттү.

Жолугушуу учурунда Абсатар ажы Эрикнбеков адамзаттын ден соолугу, өмүрү, байлыгы аманат экендигин түшүндүрүп, студенттерди билим алууга чакырды.

Ал эми студенттер баш имам хатибке өздөрүнүн кызыктырган суроолорун берип, жооп алып алышты.

Иш-чаранын соңунда Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Эркинбеков Абсатар ажынын ушул айдын аягында окуу жайда жалпы өткөрүлүүчү куратордук саатка чакырышты. Ал эми окуу жайдын мугалимдери баш имам хатибке ыраазычылыктарын билдиришти.