Ак-Суу районунун баш имам хатиби  Асантур ажы Абдрахманов имамдардын ишмердүүлүгү менен таанышты

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун баш имам хатиби Асантур ажы Абдрахманов Ак-Булун айылынын “Ажыбек Ата” мечитинде райондук имамдар менен жолугушту.

Жолугушууда КМДБ жана облустук казыят тарабынан келген буйруктардын аткарылып жаткан иштери туурасында маалымат алып, ар бир имамдын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Мындан сырткары, диний терс агымдар менен күрөшүүдөгү аткарылып жаткан иштерге кеңири токтолуп, мектеп окуучуларына, айыл жаштарына таалим-тарбия сабактарын өтүү боюнча ар бир имамга эскертүү берилди.