Ысык-Көл районунун  баш имам хатиби Максат Сейталиев окуучуларды адептүүлүккө чакырды

Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Максат Сейталиев Григорьевка айылындагы А.С Пушкин атындагы орото мектебинде окуучулары менен жолугушту.

Жолугушууга мугалимдер дагы катышып, аларга никенин маанилүүлүгү, ата-энеге урмат көрсөтүү, адептүүлүк маселелерин камтыган тарбия сабагы болуп, баяндама жасалды.

“Бүгүнкү күндөгү жаштардын абалы, келечегибиздин эртеңи. Андыктан ар кандай азгырыктуу иш-аракеттеринин коомчулукка тийгизген терс таасири туурасында кеңири маалымат беришибиз керек. Мындай жолугушуулар дагы да уланат”,-деди Максат Сейталиев.