“Имам аль-Бухарий- Алай” мечитинин имам хатиби Мырза кары Осмонов адам сатууга каршы жыйынга катышты

Бүгүн, 19-сентябрда Ош шаардык казыятынын алдындагы борбордук “Имам аль-Бухарий- Алай” мечитинин имам хатиби Мырза кары Осмонов Ош шаарынын мэриясы тарабынан өткөрүлгөн адам сатууга каршы арналган жыйынга катышты.

Жыйынга мамлекеттик кызматкерлер, күч органдары, коомдук ишмерлер жана дин кызматкерлери катышты. Анда адам сатууга каршы күрөшүүдө түрдүү сунуштар айтылып, Координациялык Кеңештин 2018-2019-жылдардын иш планы боюнча мониторингги көрсөтүлдү.

Иш-чара учурунда Мырза кары Осмонов адамды сатып, алардын эмгегин пайдалануу оор кылмыш экенин токтолуп, мындай ишке баргандарга каршы биргеликте кызматташууга чакырды.