Нарын медресесинде жаңы окуу жылында 100 студент кабыл алынды

2019-2020-окуу жылына карата Нарын медресеси биринчи курска 60 эркек студент кабыл алды. Учурда медресенин эркектер бөлүмүндө жалпы 76 студент билим алып баштады.

Ал эми кыздар бөлүмү бул жылы жаңы 2 кабаттуу имаратка көчүрүлдү жана жаңы окуу жылына 40 кыз кабыл алынды.  2-курстарды эсепке алганда жалпы 50 кыз окуп жатат.

Эске сала кетсек, кыздар бөлүмү 2018-жылы ачылып, өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Учурда Нарын медресесинде жалпы 126 студент билим алууда.