Ала-Бука районунун баш имам хатиби Шумкар ажы Чыналиев окуучулардын ата-энелерине жыйын өткөрдү

Кечээ, 19- сентябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун  Т. Балтагулов атындагы №1 орто мектебинде окуучулардын ата-энелеринин жыйыны өткөрүлдү. Жыйынга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мугалимдер жана райондун баш имам хатиби Шумкарбек ажы Чыналиев дагы катышты.

Жолугушуу учурунда Шумкарбек ажы «Балдарды ыймандуулукка тарбиялоонун зарылдыгы» деген темада баяндамасын жасады.

«Ата-бабаларыбыз айтып келгендей, “баланы жашынан” тарбия берүү керек. Аларга тарбия берүүдө ыймандуулукка, адептүүлүккө, ата-энелерди сыйлоого, улууларды урматтап-кичүүлөрдү ызаттап жүрүүгө чакыруу зарыл»,-деди Шумкарбек ажы Чыналиев

Мындан тышкары кылмыштуулук, рекетчилик, суицидден алыс болууну түшүндүрүү зарыл экендигин баса белгиледи.