Ак-Суу райондук хатибияты “Ислам таалимдери” аялдар курсун ийгиликтүү аяктагандарга сертификаттарды тапшырды

Кечээ, 19-сентябрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук хатибияты аялдар арасында диний сабатсыздыкты жоюу жана диний маданиятты көтөрүү максатында “Ислам таалимдери” аталышта атайын окуу курсун бүтүргөндөргө сертификаттарды тапшырды.

Райондук баш имам хатиб Асантур Абдрахмановдун айтымында, окуу курсун бүткөн кыз-келиндерге Куран китептер дагы берилди.

 “Райондук хатибият аялдар менен иштөө боюнча учурда өз ишин активдүү жүргүзүүдө. Бул аталган окуу курсунун 10 катышуучусу бүгүнкү күндө ийгиликтүү аяктагандыгы үчүн сертификат алышууда. Ал эми Куранга түшкөн катышуучуларыбызга Куран китептерин белек кылдык”,- дейт баш имам хатиб Асантур Абдрахманов.

Учурда кийинки агым чогултулуп, окутуу улантылууда.