Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков менен мэрия биргеликте иш алып барышат

Бүгүн, 20-сентябрда Каракол шаарынын мэриясынын жыйындар залында 2019-2020-окуу жылына карата калаадагы мектеп окуучуларын ар кандай терс көрүнүштөрдөн алдын алуу жана таалим-тарбиясына өзгөчө көңүл буруу боюнча жыйын өткөрүлдү.

Иш-чарага мугалимдер, мамлекеттик кызматкерлер жана Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков катышты.

Анда жаңы окуу жылынан тарта окуучулар үчүн  “Диний экстремизм жана терроризмдин коомго коркунуч жаратуусу”, “Улуттар аралык араздашуу”, “Окуучулардын коопсуздугун кароо жана зордук-зомбулукту болтурбоо”, “Суицидди алдын-алуу” деген аталыштагы иш чаралардын зарылдыгы талкууланып, иш программасы бекитилди. 

Жогоруда көрсөтүлгөн аталыштагы иш-чаралар боюнча жаштар арасында түшүндүрүү жана профилактикалык иштерин күчөтүү багытында өткөрүлгөн отурумда тийиштүү мамлекеттик органдар менен дин кызматкерлери биргеликте иш алып барышмай болушту.