Тоңдун Кара-Шаар айылынын тургундары айылдашы, жалгыз бой эненин 2 бөлмөлүү үйүн бүткөрүп беришти

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында, райондо бир катар сооптуу иштер өткөрүлүүдө. Бул туурасында Ысык-Көл облусунун Тоң районунун баш имам хатиби Таалайбек ажы Акунов бүгүн, 20-сентябрда билдирди.

Анын айтымында, райондун Кара-Шаар айылынын тургуну, жалгыз бой эне Калбүбү Асаналиеванын кооптуу абалдагы 2 бөлмөлүү үйү жергиликтүү тургундар тарабынан толук оңдоп түздөөдөн өткөрүлүп берилди.

“Райондук хатибияттын жана Кара-Шаар айылынын имамы Эркинбек Асановдун демилгеси менен Москва шаарында эмгектенип жүргөн айылдаштарынын демөөрчүлүгү менен оңдоп-түздөө иши аяктады. Сарпталган акча каражатынын жалпы суммасы 150 000 миң сомду түздү”,-деди Таалайбек ажы Акунов.

Мындан сырткары, айыл аксакалдары, коңшулары, ошондой эле айыл жаштары апабызга өз белектерин тапшырып, демөөрчүлүк кылышууда.

Эскерте кетсек, Көк-Сай жана Кара-Талаа айылынын 10 жылдыктары тарабынан дагы аталган айылдардын мечитине толук шарты менен дааваткана курулуп берилди.