Чүй казыятынын кезектеги көчмө жыйыны Ивановка айылында өттү

Чүй аймагындагы хатибияттардын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышуу иретинде, Чүй казыятынын демилгеси менен өтүп жаткан кезектеги көчмө жыйын Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылында болуп өттү.

Аталган көчмө жыйынга Чүй казысы Руслан ажы Жумагулов жетектеген казыят кызматкерлери, Чүй облусунун баш имам хатибтери жана ДИМКнын Чүй облусу боюнча убактылуу өкүлү Улук Акимов катышты.

Жыйын алкагында имам хатибтер айлык отчетторун беришип, КМДБ тарабынан берилген буйруктар кандай аткарылгандыгы тууралу маалымат беришти. Анда Чүй аймагындагы терс агымдардын алдын алуу, диний кызматкерлердин кыргыз тилине басым жасап, адабий кыргыз тилинде баяндамаларды жасоо, мечиттерди каттоодон өткөзүү маселелери каралды.

«Терс агымдардын алдын алуу үчүн эң эле негизги жана өтө пайдалуу жолу бул диний кызматкерлердин билимин жогорулатуу. Диний кызматкер, имам ар бир жаранга туура эмес агымдан туура, таза динди айырмалап, жеткиликтүү кылып түшүндүрүп берүүсү керек», -деди өз сөзүндө ДИМКнын Чүй облусу боюнча убактылуу өкүлү Улук Акимов.

Чүй казысы имамдарга бир нече буйруктарды берип, жакын аранын ичинде БТК менен Чүй казыятынын бухгалтери хатибияттарда текшерүү тапшырмасы берилди.