Манас айылында жаңы мечит ачылды

Чүйдүн Сокулук районунун Манас айылында жаңы мечит элге пайдалууга берилди. Мечит 400 кишиге ылайыкташып, «Ас-Софа» кайрымдуулук фондунун каржылоосу менен курулду. Имараттын курулуш иштери тез аранын ичинде аягына чыгып, заманбап болуп бүткөрүлдү.

Мечиттин ачылыш аземине Кувейт мамлекетинен келген «Ас-Софа» фондунун өкүлдөрү, Сокулук районунун баш имам хатиби, мамлекет кызматкерлери жана жергиликтүү эл катышты.

«Бул мечит чакан, жергиликтүү элге ылайык, бардык шарттары менен курулуп бүттү. Мечитти элге пайдаланууга берип, имамын дайындап, келген конокторго ыраазычылык билдирип келдик»-дейт Сокулук районунун баш имам хатиби Икрам ажы Ырысбаев.