Чубак ажы Жалилов Ош шаарындагы Тээке айылынын тургундары менен жолугушту

Бүгүн, 20-сентябрда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, дин аалымы Чубак ажы Жалилов Ош шаарынын Жапалак муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Тээке айылынын тургундары менен жолугушту.

Жолугушууга Ош шаарынын казаысы Убайдулла ажы Сарыбаев дагы катышып, инсандын билим алуудагы зарылдыгы туурасында баяндамасын жасады.

Ал эми Чубак ажы Жалилов жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушуусу «Азирети Усман-Зиннуррайн» атындагы Карыбек мечитинде уланып, эл менен кошо Жума намазын чогуу окуду. Кийин дин аалымы эл-журттун тынчтыгы жана жаштарды таалим-тарбияга, адептүүлүккө чакырып, дуба кылды.