Лесное айылында таза суу чыгарылды

Чүй облусунун Сокулук районунун Лесное айылынын тургундарына таза суу чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда Сокулук районунун баш имам хатиби Икрам ажы Ырысбаев билдирди.

Анын айтымында, «Ас-Софа» кайрымдуулук фондунун жардамы менен таза суу тартылып, 350 кожолук таза суу менен камсыз болду.

«Таза суу көйгөйү бул айылда көп жылдардан бери аягына чыкпай, чечилбей келе жаткан маселе эле. Мына Аллах Таалам насип кылып Лесное айылы таза суу менен камсыз болду. Бул Кыямат Кайымга чейин улана берүүчү сооп иш экени эч кимге жашыруун эмес. Кудай Таалам суу чыгарып бергендердин ички дүйнөсүн тазалап, суудай узун өмүр берсин», — деди Икрам ажы Ырысбаев.

Жагымдуу саамалыкка демөөрчүлөр, мамлекет жана диний кызматкерлер жана жергиликтүү эл катышып, бул күн Лесное айылында майрам сымал белгиленди.