Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов Ош шаарынын Борбордук «Сулайман Тоо» мечитинде кыз-келиндердин кызыктырган суроолоруна жооп берди

Бүгүн, 20-сентябрда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, дин аалымы Чубак ажы Жалилов Ош шаарына жасаган илимий сапарынын алкагында борбордук «Сулайман Тоо» мечитинде кыз-келиндер үчүн таалим-тарбияга чакырган баяндамасын жасады.

Чубак ажы Жалиловдун сабагына катышкысы келген айымдардын, апалардын саны көп болгондуктан мечиттин ичине батпай, сыртта калгандар дагы болду.

Эки саатка созулган илимий сабакта дин аалымы кыз-келиндер жана энелер үчүн зарыл болгон аял затынын үй-бүлөдөгү орду, ислам динин баалуулуктары тууралуу жана башка маселелер тууралуу айтып берип, айымдардын кызыктырган суроолоруна жооп берди.