«Азирети Осмон» Ислам институтунун студенттери тилсиз жоо учурунда эмне кылышты иш жүзүндө көрүштү 

Бүгүн, 20-сентябрда Чүйдүн Жайыл районундагы «Азирети Осмон» Ислам институтунун мугалимдери менен студенттерине өрт коопсуздугун сактоо, өрт өчүрүү куралдарды колдонуунун эрежелери жана өзгөчө кырдаалдарда эмне кылуу керек экендиги тууралуу лекция өтүлүп, иш жүзүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Аталган лекция жана практиканы Жайыл райондук жана Кара-балта шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ага офицери капитан Улукбек Эргешбай уулу жана Жайыл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн, өрттүн алдын алуу бөлүмчөсүнүн ага офицери лейтенант Байыш Мукашет өтүштү.

Алгач аталган лекция «Азирети Осмон» Ислам институтунда өтүп, жабдуулар менен практика жүзүндө таанышуу максатында студенттер Жайыл райондук өрт өчүрүү бөлүмүнө барышты. Ал жактан өзгөчө кырдаал учурларда кандай жабдуулар керек жана аларды колдонуунун эрежелери кандай экенин иш жүзүндө көрүп, кайтышты.

Эске сала кетсек, окуу жылы башталганына байланыштуу мындай иш чаралар КМДБнын буйругунун негизинде Чүй облусунун бардык диний окуу жайларында өтмөкчү.