Беловодск айылынын базарында намазкана ачылды

Чүйдүн Москва районуна караштуу Беловодск айылынын базарында жаңы, бардык шарттары менен намазкана ачылды.

Москва районунун баш имам хатиби Искендер ажы Жакеев билдиргендей, намазкана бардык шарттары менен, мырзалар ибадат кылыш үчүн 90 орунга ылайыкталып өзүнчө бөлмө, айымдар үчүн 60 орунду өзүнчө бөлмө курулду. Ичинде даарат ала турган, жууна турган жайы да бар.

«Бардыгыңыздарга маалым болгондой Беловодск айылынын базары өтө чоң жана бул базарда көбүнчө дунган улутундагы жарандарыбыз соода-сатык кылып иштешет. Мына ушул базардагылар жана базарга келгендер эч бир тоскоолсуз, намаз учуру келгенде ибадатын биринчи аткарсын деп базар ээси Искен байке куруп берди»,-дейт баш имам хатиб Искендер ажы Жакеев.