Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков жоокерлер менен жолугушуп, мекенди сүйүүнүн диндеги орду тууралуу баяндамасын жасады

Каракол шаарынын баш имам хатиб Талант ажы Сабриков Каракол шаардык чек-арачылар бөлүмүнүн жоокерлери менен жолугушуп, экстремизм, терроризм, диний терс агымдардын коомчулукка, элге тийгизген терс таасири туурасында түшүндүрүү ишин жүргүздү.

Жолугушуу чек-арачылар бөлүмүнүн чоң жыйындар залында болуп, жоокерлердин жалпы түрдө катышуусу менен өттү.

Анда бүгүнкү күндөгү диний кырдаал, өлкөдөгү абал туурасында кеңири токтолуп, элди-жерди коргоо, мекенди сүйүүнүн диндеги орду, тынчтыкты сактоо иштеринин өтө чоң жоопкерчиликтери боюнча маалымат берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө жоокерлердин ой-пикирлерин угуп, алардын дин-шарият маселелери боюнча кызыктырган суроолоруна жооп берди.