Ысык-Көл районунун имамдарынын ишмердүүлүгү каралды

Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Максат Сейталиев ишемби күнү райондук имамдар менен жолугушуп, алардын ишмердүүлүктөрүнөн кабар алды.

Жолугушуу Сары-Ой айылдык мечитинде жалпы имамдардын катышуусунда болду. Күн тартибинде айлык отчетторду тапшыруу талаптары, мечиттердин тазалыгына көнүл буруу, КМДБ жана облустук Казыят тарабынан келген буйрук билдирүүлөрдүн аткарылышы, адеп-ахлак тарбия сабактарынын өтүлүшү жана даават маселеси тууралуу талкуу болуп, ар бир имамдын ишмердүүлүгүнө кеңири токтолду.

Мындан сырткары коомдук иш-чараларды өткөрүү, бүгүнкү күндөгү диний кырдаал, терс агымдар, алардын коомчулукка тийгизген терс таасири, ынтымак, биримдик жана башка багыттагы элге түшүндүрүү иштерин өткөрүү зарылдыгына токтолду.