Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Дагестанда өтө турган “Дербент-европалык исламдын ордосу” аттуу Эл аралык тегерек столго катышат

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев 26-сентябрда Россия Федерациясынын Дербент (Дагестан) шаарында өтө турган “Дербент-европалык Исламдын ордосу” аттуу Эл аралык тегерек столго катышат.

Европалык туристтерди аталган шаарга тартып, мусулман дүйнөсүн таанытууну көздөгөн иш-чарага Европанын мусулман лидерлери, Скандинавия мамлекеттеринен Азербайжан жана Орто Азиянын дин өкүлдөрү, дин кызматкерлери, депутаттар, журналисттер катышмакчы.

Иш-чара Дагестан Республикасынын Муфтияты, Европа мусулмандарынын форуму, “Бабуль-Абваб” университетинин колдоосу менен өткөрүлүүдө.