Ала-Буканын Сапалак-Сай айылынын тургундары өз каражатынын эсебинен мечит салууда

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл өкмөтүнө караштуу Сапалак-Сай айылында эскилиги жеткен мечиттин ордуна жергиликтүү  тургундар Канат Сартмырзаев жана Аскар атуу бир туугандар өз каражатынын эсебинен эки миллион сомдук долбоор менен мечит курулушун баштады.

Баш имам хатиб Шумкар ажы Чыналиевдин айтымында, буга чейин мечиттин эскелиги жетип калгандыктан жараксыз абалга кептелген. Мындан улам жаңы мечит салуу муктажыдыгы келип чыккан.

“Эскилиги жеткен мечитти мамлекеттик каттоодон өткөрүү мүмкүн болбой калгандыктан бир топ кыйынчылыктарды жаратып жатат. Бул сыяктуу мечиттерди заманбап болуп жаңылануу менен элге, бизге бир топ жардам болду”,-деди Шумкар Чыналиев.