Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата Жайыл районунун имамдары, студенттери ишембиликке чыгышты

21-сентябрь Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата Жайыл районунун имамдары, диний окуу жайлардын мугалимдери жана студенттер Кара-Балта шаарынын мэриясы менен биргеликте ири ишембилик өткөрүштү.

Ишембиликке диний кызматкерлер менен мэрия кызматкерлери биригип, жалпысынан 180ге чукул жарандарыбыз катышты.

Ошону менен катар Жайыл районунун баш имам хатиби Нурдан ажы Өмүралиев билдиргендей, Жайыл хатибиятынын буйругунун негизинде Жайыл районуна боюнча дээрлик бардык мечиттерде да ишембилик болуп, айлана-чөйрө иретке келип, таштандылар алынды.