Сокулуктагы «Нур-Ислам» мечити оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Чүй облусунун Сокулук районундагы «Нур-Ислам» мечити оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Сокулук районунун баш имам хатиби Икрам ажы Ырысбаев билдирди.

Анын айтымында, мечитти калыбына келтирүү иши жергиликтүү жамааттын каржылоосу менен болуп, ашар жолу менен аяктады.

«Кыш мезгили жакындап, суук түшө баштаганына байланыштуу Сокулук районунун хатибияты райондогу имамдардын бардыгына өз мечиттерин кыш мезгилине даярдап, бир сыйра оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп, мечиттин жылуулугун жана дааратканаларга жылуу суу киргизүү иштерин тез аранын чинде аяктоо буйругун берген эле. Мына Аллах Тааламдын жардамы менен алдыңкылардан болуп «Нур-Ислам» мечити суук түшкүнгө даяр болду», -дейт Сокулук районунун баш имам хатиби Икрам ажы Ырысбаев.