Кыргызстан Ислам университетинин окутуучулары жана студенттери Бишкек шаарында ишембилик өткөрүштү

21-сентябрь Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата Кыргызстан Ислам университетинин окутуучулар жамааты жана жигердүү студенттер Бишкек шаарында ишембилик өткөрүштү.

Ишембилик Свердлов районунун администрациясы менен биргеликте уюштурулуп, иш-чарада студенттер Чыгыш-5 кичи районунун көп кабаттуу үйлөрүнүнүн айланасы таштандылардан тазаланды. 

Ишембиликтин негизги максаты айлана-чөйрөнү тазалап коомчулука жана жаратылышка пайда алып келүү.

“Дени сак улут, таза жашоо — бул өлкөнүн келечеги” деп бекеринен айтылбаса керек. Биз жашап жаткан айлана-чөйрө канчалык таза болсо жашообуз, дем алган аба да таза болот. Анын сыңарындай “Тазалык, Мекенди сүйүү ыймандан” деген ураан астында калаабыздын тазалыгына аз да болсо салым кошкубуз келди»,-дешет студенттер.