Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловдун кезектеги эл менен жолугушуусу «Сулайман Тоо» мечитинде уланды

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, дин аалымы Чубак ажы Жалилов Ош шаарына жасаган илимий сапары борбордук «Сулайман Тоо» мечитинде уланды.

Чубак ажы Жалилов эл менен жолугушууда алгач адеп-ахлак, Ислам дининин баалуулуктары, ата-энени урматтоо туурасында баяндамасын жасады.

Дин аалымынын баяндамасын угууга келген жарандардын саны көп болгондуктан мечиттин ичине батпай, сыртта калгандар дагы болду. Суроолор дагы көп берилип, дин аалыма аларга жоопсуз калтырган жок.

Эске сала кетсек, буга чейин Чубак ажы Жалилов Ош шаарындагы Тээке айылынын тургундары менен, «Сулайман Тоо» мечитинде кыз-келиндерге баяндамасын жасаган эле.