Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Москвада Россия Федерациясынын Дин Башкармасынын VII съездине катышууда

Бүгүн, 23-сентябрда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев ушул тапта Москва шаарынын борбордук мечитинде өткүп жаткан Россия Федерациясынын Дин Башкармасынын VII съездине катышууда.

Иш-чара РФ Муфтиятынын иш алып барганынын 25 жылдык мааракеси менен башталып, ага бир катар өлкөнүн муфтийлери, диний ишмерлер, мамлекеттик кызматкерлер, чет элдик коноктор катышып жатат.

Съезд учурунда Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Орусиянын Муфтийи Шейх Равил Гайнутдин менен жолугушуп, эки өлкөнүн дин башкармалыктары көп жылдан бери үзүрлүү кызматташып  келе жатканын белгилеп, муфтияттын бүгүнкү мааракелик күнү менен куттуктады.

Ал эми Шейх Равил Гайнутдин 115 жылдык тарыхы бар Москванын борбордук мечитинде мааракенин катышуучуларына кайрылып, акыркы жылдары бул мечит мурунку союздаш мамлекеттердин мусулмандарынын ибадат кылуучу жайына айланганын, орусиялык мусулмандардын ислам баалуулуктарын жайылтууда кызматташуу улана берээрин кошумчалады.