«Куран Нуру» Ислам институтунун мугалимдери менен студенттерине өрт коопсуздугу боюнча лекция өтүлдү

Бүгүн, 24-сентябрда Чүйдүн Кара-Балта шаарындагы «Куран Нуру» Ислам институтунун мугалимдери менен студенттерине ӨКМдин кызматкерлери өрт коопсуздугун сактоо, өрт өчүрүү куралдарды колдонуунун эрежелери жана өзгөчө кырдаалдарда эмне кылуу керек экендиги тууралуу лекция өтүп, иш жүзүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүштү.

Лекция «Куран Нуру» Ислам институтунда өтүп, ага Кара-Балта шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери келишип, өзгөчө кырдаал учурларда кандай жабдуулар керек жана аларды колдонуунун эрежелери кандай экенин иш жүзүндө көрсөтүп беришти.

Эске сала кетсек, окуу жылы башталганына байланыштуу мындай иш чаралар КМДБнын буйругунун негизинде Чүй облусунун бардык диний окуу жайларында өтүп келет.