Майлуу-Суу шаарында Баткен коогалаңында курман болгондор эскерилди

Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу шаарындагы «Эрдик» сейил багында 1999-жылы Баткен коогалаңында курман болгон майлуу-суулук 7 баатырдын жаркын элесине арналган тынчтык митингги болду.

Эскерүү иш-чарасына Майлуу-Суу шаарын мэри Нурадил Маматов, коогалаңга катышкан 7 дубандан ардагерлери, ардагерлердин ата-энелери, шаардын баш имам хатиби  Абсатар ажы Эркинбеков жана шаар тургундар катышты.

Иш-чарада Баткен коогалаңында курман балгондор эскерилип, аларга Куран окулуп, дуба кылынды.