Кант шаарында «Диндер ортосундагы ынтымак» атту жыйын болуп өттү

Бүгүн, 24-сентябрда Чүйдүн Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарынын мэриясынын жыйындар залында, бир канча диний өкүлдөрдөр жана мамлекеттик кызматкерлердин катышуусунда «Диндер ортосундагы ынтымак» атту жыйын болуп өттү.

Мэрия тарабынан өткөрүлгөн жыйынга Кант шаарынын баш имам хатиби Пазыл ажы Абдырахманов, диний уюмдардын өкүлдөрү, УКМ кызматкери Шамбет Мырзалиев, РИИБнын кызматкери Алмаз Сейталиев, «Уллуттар аралык ынтымак» коомунун жетекчиси Анатолий Петрович жана мэрия кызматкерлери катышты.

Кант шаарынын баш имам хатиби Пазыл ажы Абдырахманов билдиргендей, аталган жыйын эки саатка созулуп, диний өкүлдөр тараптан бир канча сунуштар да айтылды.

«Кант шаары көп улуттуу жана ар кандай диндердин өкүлдөрү жашаган шаар болуп эсептелет. Бүгүнкү жыйында негизги каралган маселе диндер жана улуттар ортосундагы ынтымакты бекемдөө болду», -дейт Пазыл ажы Абдырахманов.