Кочкор районунун баш имам хатиби Жеңишбек Арзымкожоев мектеп окуучуларды адептүүлүккө чакырды

Кечээ, 25-сентябрда Нарын облусунун Кочкор районунун баш имам хатиби Жеңишбек Арзымкожоев Кочкор РИИБнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери менен биргеликте К. Мамбеталиев, Абылгазы уулу Ишенаалы жана Т. Курткаев атындагы орто мектептердин окуучулары менен жолугушуу уюштуруп, окуучулар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу жана окуучуларды билим алууга шыктандыруу максатында лекция окуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Инспекторлор кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган сабактарды окуучулар менен бөлүшсө, Жеңишбек Арзымкожоев ыйман, адеп-ахлак жана билим алуу тууралуу лекцияларды окуп,  анын ичинде китеп окууга кененирээк токтолду.

“Билим алуу  китеп окуу менен башталат. Китеп окууга шыктануу үчүн “Эмне үчүн китеп окушубуз керек?” деген китепти окууну сунуштайм. Алтургай тутунган динибизди да укканга караганда окуу аркылуу көбүрөөк туура үйрөнө алабыз”, – деди баш имам хатиб Арзымкожоев.