Жети-Өгүз районунда “Ислам таануу” аялдар борборунда окуган 15 айымга сертификаттар тапшырылды

Аялдар, кыз-келиндер менен иштөө, алардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы «Ислам таануу» аялдар борбору активдүү иш алып барууда. Бул тууралуу бүгүн, баш имам хатиб Акылбек Талантбек уулу билдирди.

Анын айтымында, аялдар, кыз-келиндер арасында экстремисттик идеологияны жайылтууну алдын-алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү багытында активдүү иш жүргүзүлүп, Куран\тажвид, фыкх, акыйда жана араб тили боюнча атайын программанын негизинде сабактар өтүлүүдө

“Көпчүлүк эже-карындаштарыбыздын, апаларыбыздын суроо-талаптары менен облустук Казыяттын көзөмөлүндө райондук хатибият алдында дагы аялдарды окутуу борбору уюштурулуп, учурда  3-агымына курсту ийгиликтүү аяктагандыгы үчүн 15 айымга сертификат тапшыруудабыз”,- дейт баш имам  хатиб Акылбек уулу Талантбек.

Учурда кийинки агым чогултулуп, окутуу улантылууда.