Тилекмат айылында жалгыз бой энеге чет мамлекетте иштеген мекендештер 2 бөлмөлүү үй курууда

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында, райондо сооптуу иштер өткөрүлүүдө. Бул туурасында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун баш имам хатиби Талантбек Акылбек уулу бүгүн, 26-сентябрда билдирди.

Анын айтымында, райондун Тилекмат айылынын тургуну, жалгыз бой эне Сабира Шаргаевага 2 бөлмөлүү турак үй курулууда.

Соопчулук демилгени айыл имамы Жолошбек Өмүрканов көтөрүп чыгып, чет мамлекетте эмгектенип жүргөн айыл жаштарынын демөөрчүлүгү астында ишке ашууда.

“Учурда турак үйдүн дубалы тургузулуп, курулуштун кийинки этаптарына өтүүдө.  Мигрант жаштарыбыздын демөөрчүлүгү менен курулуп жаткан турак үйдүн бүгүнкү күнгө чейин кеткен чыгымы  1 00 000 миң сомдун тегерегинде”,-деди Талантбек Акылбек уулу.