Түп районунун баш имам хатиби Бакыт ажы Кайкиев Фрунзе айылынын тургундары менен жолугушту

Ысык-Көлдүн Тγп районуна караштуу Фрунзе айылынын мечитинде, райондук баш имам хатиб   Бакыт ажы Кайкиев жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө айыл тургундарына ыймандуулук, адеп-ахлак, биримдик туурасында баяндама жасап, элди ынтымакка чакырды.

Мындан сырткары айыл имамынын ишмердүүлүгү менен таанышып, мечиттин айланасын иреттөө  жана мечиттин жылуулугун камсыздоо, тазалыкка көңүл бурууну милдеттендирди.