Тоң районунун баш имам хатиби Таалайбек ажы Акунов имамардын ишмердүүлүгүнөн кабар алды

Бүгүн, 26-сентябрда Ысык-Көлдүн Тоң районунун баш имам хатиби Таалайбек ажы Акунов Бөкөнбаев айылындагы борбордук мечитинде райондук имамдар менен жолугушту. Жолугушууда даават иши, жалпы диний кырдаалды талкуулады. Ар бир имам жергиликтүү жамааттар менен аткарылып жаткан иштер туурасында маалымат берип, дагы ишти жакшыртуу боюнча ой-пикир, сунуштар айтылды.

Мындан сырткары мектеп окуучуларына, айыл жаштарына таалим тарбия, ыйман сабактарын уюштуруу жана айылдарды кыдырып, эл менен жолугушуп, үшүр-зекет маселеси боюнча түшүндүрүү иштерин уюштуруу иштери ар бир имамга тапшырылды.

Мындан сырткары имамдардын айлык отчетторун кабыл алып, ар бир имамдын ишмердүүлүгү менен таанышты.