«Айдарбек» мечитинин алдыңкы тарабы жабылууда

Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун Айдарбек айылындагы «Айдарбек» мечитинин жергиликтүү жамааты каражат топтоп, ашар жолу менен мечиттин алдыңкы тарабына жабуу иштерин башташты.

«Мечитибиз чакан болгондуктан жума күндөрү намазга келген элдер батпай калып, ыңгайсыз учурлар болуп жатты эле. Жамаатыбыздан бир кайрымдуу жигит демөөрчү болуп, калгандарыбыз ашар жолу менен мечитибиздин алдыңкы тарабын жабууну баштадык. Кудайым буюрса мындан кийин мечиттин өзүн да бир сыйра оңдогонго камынып жатабыз», -деди «Айдарбек» мечитинин имамы Руслан ажы Ногоев.

Эске сала кетсек, Жайыл районунун хатибиятынын жылдык иш планынын негизинде быйыл райондогу бардык мечиттерде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлмөкчү.