Ак-Башат айылынын имамы айылдагы жаш спортчуларды сабырдуулука чакырды

Чүй облусунун Жайыл районундагы Ак-Башат айылынын имамы Замир ажы Икромбаев айылдагы жаштардын машыгуучу залына барып, жаш спорт чеберлери менен жолугушту.

Жаш спортчулар менен жолугушуу алкагында айыл имамы адеп-ахлак, тынчтыктын кадырын билүү жана ынтымакта болуунун пайдасы боюнча баяндама жасады.

«Билеги жоон, бардыгын жеңген күчтүү эмес. Зулум кылбай, адилеттүү, сабырдуу болуу мына чыныгы күч. Ушул сөздөрдү жаш спортчуларга туура түшүндүрүүнүн арекетин кылдык», — деди айыл имамы.