Кемин районунун баш имам хатиби Куттубек ажы Дүйшебаев район акими менен аймактагы көйгөйлүү маселелерди талкууга алышты

Чүйдүн Кемин районунун баш имам хатиби Куттубек ажы Дүйшебаев Кемин районунун акими Нурлан Шаршеналиев менен жолугушуп, бир катар маселелерди талкуулашты.

Аким менен болгон жолугушууда бир канча райондогу көйгөйлүү маселелер каралып, негизги маселе мечиттерди каттоодон өткөзүү учурундагы тоскоолдуктар болду. Бул маселени чечүүдө район акими жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Бейгилей келсек, Куттубек ажы Дүйшебаев Кемин районуна жаңы бекитилген имам хатиб болгондон бери мамлекет кызматкерлери менен болгон алгачкы жолугушуусу.