«Жанбото Ата» мечитинин жамааты бул жолу көп жылдан бери оору менен алышып жүргөн бейтапка акчалай жардам көрсөттү

Бүгүн, 26-сентябрь күнү Бишкек шаарынын казыятына караштуу «Жанбото Ата» мечитинин имам хатиби Камилжан ажы Муратовдун демилгеси менен ар жума сайын уюштурулуп жаткан кезектеги кайрымдуулук иш-чарасы болуп өттү.

Бул жолу көп жылдан бери оору менен алышып келе жаткан 1-топтогу майып бейтапка акчалай жардам көрсөтүлдү.

«Бул иш-чара биздин мечиттин жамаатынан чыккан бир туугандардын кайрымдуулугу болуп эсептелет. Биз имам катары ортомчулук милдетти аткарып муктаждарга жума сайын жеткирип жатабыз. Анткени соопчулукту жасаган кишилер купуя бойдон калышын каалашат. Башка мусулман бир туугандарды да аз болсо да жардам кылып, сооп алып калышына себепчи болуу максатында элге жарыя кылып жатабыз,»-деди Камилжан ажы.