Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Махачкаладагы 20 гектар жерди ээлеген мечиттин курулуш иши менен таанышты

Бүгүн, 26-сентябрда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Россия Федерациясына жасаган иш сапарынын алкагында Дагестандын баш калаасы Махачкалада курулуп жаткан эң чоң мечиттин курулуш иши менен таанышты.

Курулуш иши менен Дагестандын Азирети Муфтийи Шейх Ахмад-Афанди бир катар мамлекеттен барган муфтийлерге тааныштырды.

Мечит Европа ислам борборунун, Каспий деңизинин боюнда жайгашкандыктан эч кандай демөөрчүсү жок Дагестандын тургундарынын өз күчү менен салынууда.

Азыркы тапта мечиттин курулуш иштери кызуу жүрүп жаткан маалы. Жалпы аянты 20 гектарды түзүп, 50 миң адамга ылайыкташкан. Ибадат кылуучу жай менен катар жалпы Дагестандын муфтияты, билим берүү борбору, бала бакча, китепкана жана шаардыктар үчүн сейил багы да жайгашмакчы.